Бүгүн, 23-октябрь өлкө башчысы Садыр Жапаров «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында маалымат жыйын өткөрдү. Журналист мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууга кандай көз карашта экендигин сурады.
Президент;
«Ал боюнча маселе жок, экс-президент бойдон калат. Биз президенттерди жоопко тартып, куугунтуктаган салтты токтотолучу. Анын өтө чоң кылмыштары деле жок. Албетте, саясий жактан жоопкерчиликтери бар», — деп жооп берди.
Эске салсак, 2020-жылдын 5-октябрында, Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптар пикетке чыгып, бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда, тынчтык жолу менен ыйгарым укуктарын өткөрүп берген соң Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамын алган.