7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барат

609

Президент Садыр Жапаров 15-16-мартта Анкара шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Сапардын алкагында мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммитинин кезексиз жыйынына катышат.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы – “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам”. 

Тараптар табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан табигый кырсыктар, ошондой эле жамааттык чара көрүү маселелерин талкуулашат. 

Саммиттин ишине уюмга мүчө-мамлекеттердин – Кыргызстандын, Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын жана Өзбекстандын башчылары катышат. Алдыдагы саммиттин ишине Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы ТМУда байкоочу макамына ээ өлкөлөр катары катышат. 

Сапардын алкагында мамлекет башчысынын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу да пландалып, анын жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат”, — деди Муратбек Азымбакиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

610