7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ташкентте ЭКУ мүчө-мамлекет башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышат

596

Президент Садыр Жапаров 8-9-ноябрда Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышуу үчүн иш сапары менен барат.

Өлкөлөрдүн лидерлери Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде региондогу мамлекеттердин социалдык-маданий, илимий-техникалык өнүгүү боюнча мамилелердин ар кандай аспектилеринде өз ара пайдалуу аймактык экономикалык кызматташтыкты жана өз ара жардамдашууну түзүү аркылуу экономикалык мамилелердин дүйнөлүк системасына ырааттуу жана этаптуу интеграциялоону талкуулашат.

Саммиттин ишине Уюмга мүчө – Азербайжан Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын, Түркия Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын мамлекет башчылары, ошондой эле Казакстан Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын өкмөт башчылары катышат.

Саммиттин алкагында Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата «Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү — балдар жана жаштар иш-аракетте» темасында Эл аралык форум өтөт, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин жубайы Айгүл Жапарова катышат.

 

 

597