7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Текебаевге микрофон жеткенде эле от алып кетеби билбейм

288

Жаңы Конституциянын долбоору иштелип жатканда Садыр Жапаров менен Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев төрт жолу жолугуп сүйлөшкөн. Бул тууралуу Садыр Жапаров 7-каналга берген маегинде айтты.

 «Маңдай-тескей отуруп Өмүрбек Текебаев менен төрт жолу сүйлөштүк. Биз башында эки жолу жолугалы дедик, андан кийин эки жолу өзү суранып кабинетиме чейин келди. Үйүнөн жана башка жерден дагы жолуктук. Конституциянын долбоору тууралуу айтып бердик, жакшынакай эле түшүнүп турат. Бул 2010-жылы даярдалган долбоор билесиз, сиз дагы алымча-кошумчаңызды кошуңуз деп айтсак, макул деп чыгып эле эртең менен тескери сүйлөй берет экен же микрофонго жеткенде эле от алып кетеби билбейм. Мен Мадумаровдон башка бардык саясатчылар менен сүйлөштүм», — деди Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

289