7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ТМКК башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды

659

Бүгүн, 8-ноябрда президент Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына ТМККнын алдыда өтүүчү жыйынына даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Жапаров Түрк кеңешине катышуучу өлкөлөрдүн интеграциялык процессинде жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдөгү негизги ролун баса белгиледи. Ал Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине катышууга өзгөчө маани берерин белгиледи.

Садыр Жапаров алдыда өтүүчү саммит, Түрк кеңешин мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк болот деген пикирин билдирди.
Багдад Амреев кезектеги жыйынга даярдыктардын жүрүшү жана талкууга алына турган күтүлүүчү маселелер тууралуу кеңири айтып берди.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө ТМККнын Инвестициялык фондун Бишкек шаарына жайгаштыруу маселелери талкууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

660