7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Токиодо өтө турчу саммиттин алдындагы иш-чарага катышты

245

Президент Садыр Жапаров Токиодогу «Борбордук Азия + Япония» Диалогунун биринчи саммитинин алдындагы иш-чарага катышты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кечээ, 19-декабрда, Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарындагы «Акасака» мамлекеттик конок үйүнө барды.

Мамлекет башчысын Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаити тосуп алды.

Андан соң Президент Садыр Жапаров менен Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаити ардактуу кароол ротасынын жанынан кызыл килем үстүнөн өтүшүп, биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин урматына уюштурулган тосуп алуу кечки тамагына катышуу үчүн залга өтүштү.

246