7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Турдакун Усубалиевдин унаасын белекке алды

337

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Турдакун Усубалиевдин унаасын белекке алды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Кочкор жергесинен келген Бакай аттуу мекендешибиз Турдакун Усубалиевдин автоунаасын мага белекке тартуулады. «00-01 ФИА» номерлүү атоунаа 1970-жылы Турдакун Усубалиевге берилген экен. Темир тулпар бир нече жыл тебилип, кийин соңунда Кочкордогу жердештеринин колунда көздүн карегиндей сакталып турган. Мени суктандырганы, машине дале жапжаңы, жакшы каралган. Кадимкидей от алып, тепсең Турдакун Усубалиевдин учурундагыдай эле зуулдайт. Дөөтү деген дөөтү, Кыргызстанды 1961-жылдан 1985-жылга чейин башкарган кишиден калган таберик буюмдун рулун кармап, ырымга ары-бери айландырып турганымда, өлкөбүздүн бир үзүм тарыхы көз алдыма элестей түштү. Бул автоунаа өмүрү жана ишмердиги биздин өлкөбүздүн өнүгүшүнө терең из калтырган адамдын аты менен байланыштуу болгондуктан, аны короомдо, көздөн далдоодо каткан болбойт деген ойго токтодум. Мындай баалуу тарыхый буюм баарыбызга тең орток, баарыбыздын энчибиз. Заманбап автоунаалардын түрү жайнаган азыркы заманда жаш муун көрүп, ата-бабалардын кандай унаа тээп, жок эле дегенде кандай шартта жашап-иштегенин элестетип алышса деле, алар үчүн тарбия. Ошондуктан, Турдакун Усубалиевден калган автоунааны Улуттук тарых музейине белекке тартуулоону туура көрдүм», — деп жазган Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

338