7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасын кабыл алды

253

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 4-февралда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Банк секторунун 2020-жылдагы ишинин алдын-ала жыйынтыктары, ошондой эле 2021-жылга карата биринчи кезектеги пландары талкууланды.

Мамлекет башчысына экономиканын реалдуу секторун колдоо, коронавирус инфекциясы пандемиясынын таасири менен кесепеттерин жоюу боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле өлкөнүн каржы жана валюта рыногундагы азыркы кырдаал, улуттук валютанын алмашуусунун кескин өзгөрүүсүн жумшартуу чаралары жөнүндө айтылды.

Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, 2020-жыл бардык кыйынчылыктарга карабастан, ата мекендик каржы системасы үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен аяктады.

Улуттук банк инфляцияны орто мөөнөттүү көрсөткүчтөрүн 5-7%дын тегерегинде кармай алды;

банк секторунда оң көрсөткүчтөр сакталды: насыялык портфель 11%га көбөйдү (162,6 миллиард сомду түздү), банктагы депозиттер 19,9%га өстү (180,9 миллиард сомду түздү);

депозиттерди долларлаштыруунун деңгээли 42,9%ды түздү, насыяларды долларлаштыруу 32,9%ды түздү;

2020-жылдын ичинде алтынвалюта резерви 384 миллион АКШ долларына өсүп, жыл соңунда 2 миллиард 808 миллион долларды түздү. Бул келечектеги 6 айлык импортту жабат;

КРУБдун кирешеси рекорддук 8 миллиард 484 миллион сомду түздү.

Толкунбек Абдыгулов ошондой эле Улуттук банк экономиканын реалдуу секторун колдоого жалпысынан 9,6 миллиард сом бөлгөнүн айтты. Улуттук банк 2021-жылы банк системасынын туруктуулугун кармоо, төлөм системасын өнүктүрүү жана банк мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштерди улантууну пландап жатканы белгиленди.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн соода-экономикалык өнөктөш өлкөлөрүнүн эл аралык каржы рыногундагы жана экономикаларындагы кырдаалга байкоо жүргүзүүнүн өзгөчө зарылдыгын баса белгиледи. Буга байланыштуу ал тышкы экономиканын таасирлеринен улуттук экономикага болгон тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды көрүү зарылдыгына токтолду.

Мамлекет башчысы өлкөнүн каржы-насыялык мекемелеринин туруктуу жана ишенимдүү иштеши керектигин белгилеп, улуттук валюта курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүү керектигин айтты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

254