7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

531

Президент Садыр Жапаров бүгүн Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулерди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы элчиден ишеним грамотаны кабыл алып, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров Кыргызстан Улуу Британия менен кызматташууга даяр экенин, өткөн жылы эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгиленгендигин айтты. Бул убакыттын ичинде мамлекеттер аралык мамилелерди курууда, эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны калыптандырууда чоң жол басып өтүлдү.

Жапаров эки өлкөнүн олуттуу кызматташуу потенциалын эске алуу менен эки тараптуу саясий диалогду активдештирүүнүн, соода-экономикалык мамилелерди арттыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын Улуу Британиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен соода жүгүртүүнүн жаңы схемасына кошулгандыгын кубаттай турганын, ошондой эле кыргыз тарап Улуу Британияга өз продукциясын экспорттоодо ЕБ «ВСП+» преференцияларын колдонууну улантаарын билдирди.

Ошону менен бирге, президент өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өлкө даяр экендигин баса белгиледи.

“Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана «жашыл» экономика, климаттын өзгөрүүсү, туризм, санариптик жана креативдүү экономика жаатында кызматташууну активдештирүү үчүн Кыргызстанда жетиштүү мүмкүнчүлүктөр бар”, — деди мамлекет башчысы.

Өз кезегинде Улуу Британиянын элчиси Николас Боулер эки мамлекеттин достук мамилелерин белгилеп, өнөктөштүктү мындан ары ар кыл тармактарда бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Ал белгилегендей, Улуу Британия Кыргызстан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты илгерилетүү боюнча демилгелерди колдойт жана колдо бар потенциалды ачуу үчүн күч-аракет жумшоого даяр.Элчи белгилегендей, бүгүнкү күндө биргелешкен ийгиликтүү долбоорлордун бири катары Улуу Британиянын айыл чарба ишканаларында сезондук жумуштарга Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу программасын атоого болот жана бул жылы ага сегиз миңге жакын кыргызстандыктардын катышуусу пландалууда.

Николас Боулер Улуу Британиянын расмий адамдарынын акыркы сапарларынын маанилүүлүгүн баса белгиледи, бул деген тараптардын мамилелерди мындан ары бекемдөө боюнча өз ара ниеттерин тастыктайт, деди.

Элчи Улуу Британиянын мамлекеттик тышкы иштер министри Лео Докерти быйыл июнда Кыргызстанга болгон сапарына канааттануу менен баа бергенин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкө ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

532