7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парадга катышты

231

Президент — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку Башкы колбашчысы Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышты.

Алгач Мамлекет башчы Жеңиш паркындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюп, курман болгондордун элесине таазим кылды.

Андан соң “Ала-Тоо” борбордук аянтында өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн жана башка күч түзүмдөрүнүн катышуусунда салтанаттуу аскердик парад өттү.

Параддын алдында Кыргызстандын заманбап армиясы тууралуу кыскача видеоролик көрсөтүлдү. Андан соң Президент куттуктоо сөзүн сүйлөп, анда тарыхый Жеңиштин маанисин белгилеп, тынчтыкты коргоп калган муундардын эрдигин жана баатырдыгын баса белгиледи.

Расмий бөлүктөн кийин парад аскер бөлүктөрүнүн салтанаттуу маршы, заманбап аскердик техникалардын демонстрациясы, күжүрмөн учактардын учуулары жана бириккен аскердик оркестрдин аткаруулары менен уланды.

Иш-чаранын соңунда Садыр Жапаров өздүк курамга ыраазычылык билдирип, параддык бөлүктөрдүн башчылары менен саламдашты.

232