7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Владимир Путинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады

590

Бүгүн, 7-октябрда, президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өлкө лидерлери кыргыз-орус эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, өлкөлөрдүн интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Жапаров Владимир Путинди 70 жылдык мааракеси менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Россиянын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптардын түбөлүк союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духундагы эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга даярдыгы белгиленди.

Өлкө лидерлери өз ара байланышты туруктуу негизде колдоону шартташышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

591