7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

192

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Казакстандын Түркстан шаарына болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв менен жолугушту.

Тараптар ынак коңшулаштык, өз ара сый жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелеринин жогорку деңгээлдеги саясий диалогун жана динамикалуу өнүгүүсүн канааттануу менен белгилешти.

Соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого, көп пландуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана региондо туруктуу өнүгүүнү, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында биргелешкен аракеттерди координациялоого даяр экендиктерин ырасташты.

 

193