7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Өзбекстандын президентин туулган күнү менен куттуктады

621

Бүгүн, 24-июлда, президент Садыр Жапаров Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президентин туулган күнү менен куттуктап, ага күч-кубат, ошондой эле Өзбекстанды өнүктүрүүгө багытталган иштерине ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги алдында Өзбекстан Республикасында калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана жогорку темптеги экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган маанилүү өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Садыр Жапаров боордош Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык потенциалы жогору экенин канааттануу менен белгилеп, мындан ары эки тараптуу байланыштын бардык комплексин өркүндөтүү максатында, Мамлекет башчысы Президент Шавкат Мирзиёевди ага ыңгайлуу болгон учурда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

622