7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: «Жакынкы 2-3 жылда мектеп деген көйгөйдүн баарын чечебиз»

476

«Мен келгенде 246 айылда мектептер жараксыз болчу, азыр 200 айыл калды. Жакынкы 2-3 жылда мектеп деген көйгөйдүн баарын чечебиз. Бир дагы айыл эски мектеп менен калбайт»,- деп билдирди өлкө башчысы.

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат.

“Кечээ сүйлөгөндүн көпчүлүгү мектеп, бала бакча, маданият үйү, спорт комплекстери тууралуу суранбадыбы. Бүгүн сүйлөй турган делегаттар башка көйгөйлөрдү айтып, сунуштарды берсеңиздер. Анткени, мектептер менен бала бакчалар эң биринчи биздин көңүл чордонубузда турган маселелер. Кайсы айылда мектепти жаңыртыш керектигин билебиз. Мен келгенде 246 айылда мектептер жараксыз болчу, азыр 200 айыл калды. Келе жаткан жылдын бюджетине мектептерди куруу, оңдоону киргизебиз. Бюджетти көтөрө алсак 200 мектепти бир жылда эле салып салат элек. Бирок азырынча каражат ага жетпейт экен. Ошону үчүн 2023-2024-жылдагы бюджетке бул тармакты каржылоону киргизебиз. Жакынкы 2-3 жылда мектеп деген көйгөйдүн баарын чечебиз. Бир дагы айыл эски мектеп менен калбайт”, — деди ал.

Эскерте кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

477