«Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын Каракол шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын директору пара берип жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 2022-жылдын 31-октябрында АИС ЖИИде катталган сотко чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында «Каракол жылуулук камсыздоо» мамлекеттик ишканасынын финансы-чарбалык ишмердигинде мыйзам бузуулар аныкталган.
Мыйзамсыз аракеттерди документтештирүү жана аталган ишкананын финансы-чарбалык ишмердигине тиешелүү текшерүүлөрдү уюштуруу максатында 16-ноябрда текшерүү дайындалып, анын жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар болгон.
Текшерүү процессинде Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын Каракол шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын директору «О.А.Ж.» Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерине текшерүүнү токтотуу жана аныкталган финансылык мыйзам бузууларды акчалай сыйлык үчүн аудитордук актыга чагылдырбоо сунушу ачык-айкын сунушталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда («ири өлчөмдө пара берүү») каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 25-ноябрь күнү УКМКнын тергөө-ыкчам тобу Каракол шаарынын шартында 5000 АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жаткан учурда «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын Каракол шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын директору « О.А.Ж.» аттуу жаран кармалган.
Учурда тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.