7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

САДЫР ЖАПАРОВ ЖАНА 1893-ЖЫЛДАГЫ САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

177

Кыязы, саясий партиялар мамлекетти талкалайт деп айткан Садыр Жапаров
жаңылышпаган экен. Мындай системанын кемчилдик жактарын тээ 1893
(миң сегиз жүз токсон үчүнчү) жылы эле Жети-Суу облусунун жыл сайын
жарык көргөн Баяндамасында белгиленген болуп чыкты. Андан бери эч
нерсе деле өзгөрбөптүр. Өзүңүздөр карап күбө болуңуздар. Баяндамынын
азыркы окурманга ыңгайлаштырылган үзүндүсүн сунуштайбыз:
«Чоң, Орто жана Жапайыташ ордосундагы кыргыздар:
Эркек жынысындагылар —310 миң 156
Аял жынысындагылар —233 миң  851


Облустун башкы калкы көчмөн кыргыздар мал багуу менен гана
алектенишет жана бул алардын анчалык жогору эмес турмуштук
муктаждыктарын толугу менен канаатандырат, арасында жер иштеткендер да
бар.


Кыргыздардын ортосунда келип чыккан жарандык жана кылмыштар боюнча
доо арыздарды чечүү Талаа Жобосу тарабынан элдик соттор деп аталган,
болуштук башкаруучулар менен бирдей негизде шайлана турган бийлерге
жүктөлгөн.


Баштапкы мезгилдерде болуштук башкаруучулардын жана бийлердин
кызматына эл ичинде кадыр-баркы бар, таасирлүү уруу башчылар жана
башкалар шайланып турган. Бирок мезгилдин өтүшү менен бул кызматтарда
адеп-ахлактык жактан татыктуу эмес, эл сыйлабаган, добуштарды сатып
алуунун аркасы менен гана шайланып келген адамдар пайда боло баштаган.
Бул адамдар бара-бара облустун бардык болуштуктарын колго алып, аларда
ар бир шайлоого карата болуштукту башкарууну колуна алгысы келген эки
же бир нече партияларды түзүшкөн.


Кыргыздардын партиялар боюнча бөлүнүшү адегенде алардын бул же тигил
партиянын курамына кирген урууга таандык экенинен көз каранды болгон,
бирок партиялык күрөш акырындык менен күчөп отуруп, уруулар, алтургай
уруктар партиялардын ортосунда бөлүнүп жарыла баштаган. Бул болсо уруу
мүчөлөрүнүн гана эмес, уруктардын ортосунда да араздашууну жараткан.
Партиялык касташуу күчөгөндө каршылаштардын арасындагы
кагылышуулар – мушташтар, көп учурда адам курмандыктары менен
аяктаган массалык чабышуулар менен коштолгон. Мындан тышкары,
касташкан тараптар бири-бирине карата көптөгөн дооматтарды жана
айыптоолор тагылган арыздарды элдик соттор жана административдик

мекемелерге жөнөтүшкөн. Соттор менен административдик мекемелерде
болсо, каршылашкан партиялардын башчыларын соттотуп жиберүү
максатында айып тагуучулар тарабынан ар кандай күнөөнү далилдеп берүүгө
даяр турган жалган күбөлөр чыгышкан.


Сатып алынган шайлоочулардын жардамы менен каалаган кызматына
жетишкен партиялардын башчылары кетирген чыгашаларын
болуштуктардын башчылары жана элдик соттор менен
тилектештикте элден ашыгы менен чыгарып алышат.


Облустун башчылары мыйзамдуу акча чогултмайларды жоюуга болгон күч-
аракетин жумшап, көптөгөн кызмат адамдарын кызмат ордуларынан да
бошоткон, алтургай, сотко чейин берген, бирок бул иштерден эч кандай
майнап чыккан эмес. Шайлоо болгон сайын жаңы атаандаштар чыгып,
партиялык касташуу кайра эле элдин бүйүрүн кызытып, жаңы
кагылышууларды жаратуу менен бүткүл облустарды камтый берген.


Кыргыздардын чырга жакын экени отчеттук жыл ичинде кароо үчүн
бийлерге келип түшкөн иштердин санынан анык көрүнүп турат.


Айрым бийлердин китептери боюнча жазылгандар:
Баардык бийлер – 402
Берилген доо арыздар – 5 миң  827
Баардыгы болуп бийлерге келип түшкөн доо арыздар —35 миң  933».
Эми цитатанын аягын караңызчы. Болгону 544 миң калктан дээрлик 36 миң
арыз түшүп отурат. Бирок башкысы бул эмес. Кеп саясатчылардын бийликке
умтулуусунун маңызы 1893-жылдан эч бир өзгөрбөгөнүндө: … сатып
алынган шайлоочулардын жардамы менен каалаган кызматына
жетишкен партиялардын башчылары кетирген чыгашаларын элден
ашыгы менен чыгарып алышат…»
деп жазып атпайбы.
Садыр Жапаров мамлекеттик башкаруу системасын элге пайдалуу боло
тургандай кылып реформалоону сунуштоодо, муну жадагалса, 127 жылдан
кийин да далилдөөгө туура келүүдө.

Аткаруучу: « ___7tv.kg____ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 53;

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

2020-жылдын 24-декабрьда даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

178