7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров жана Антониу Гутерриш бейформал жолугушуу өткөрдү

718

Президент Садыр Жапаров жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш бүгүн, 2-июлда, Ысык-Көлдү бойлото теплоходдо бейформал жолугушуу өткөрүштү.

Теплоход менен сейилдегенден кийин Садыр Жапаров менен Антониу Гутерриш “Номад” этно-комплексиндеги этномаданий программа менен таанышты. 

Улуттук стилде жасалгаланган боз үй шаарчасы кыргыз улуттук кол өнөрчүлүгүнүн ар түрдүүлүгүн көрсөттү.

Жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен таанышуу учурунда Президент Садыр Жапаров Антониу Гутерришке кыргыз баш кийимин — ак калпакты белекке берди. 

Жогорку даражалуу коноктор үчүн ат оюндары, жаа атуу, тайгандар жана бүркүттөр менен мергенчилик уюштурулду. Маданий иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.

 

 

719