7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайырбек Абдырахман: «Манкурт» түшүнүгүн Чыңгыз Айтматов «Манас» эпосунан алган

433

Шайырбек Абдырахман: «Манас» эпосунда абдан кеңири жана терең психология менен эзотерика жатат. Мисалга, Манастын атасы Жакып – хан тукумунан болсо дагы, 17 жашында кыргыздарды чапкан душмандарды көрүп, катуу ыдыкка дуушар болгондуктан, өтө сак болуп калган. Манас болсо – хан тукумунан экенин билбесе дагы, анын жүрүм-турумунда эл жана мамлекет башкарган мүнөздөр жаштайынан көрүнүп калат. Кийин, Каныкейге керээзин айтып жатканда, Семетейди дагы эркин тарбиялоого үндөйт.

Азыр дүйнөдөгү баардык элдердин маданиятына «манкурт» түшүнүгү кирип калды, ал идеяны Чыңгыз Айтматов «Манас» эпосунан алган. Кыргыздар чачырап кеткенде, Манастын кайсы бир туугандары алыска сүрүлүп кетип, бөтөн эл арасында көпкө жашап калган. Кийин алар кайтып келип, кыргыздарга кайра кошулганда, кээ бир нукура кыргыз каада-салтын жактырбай, аларды сынга алганы байкалат. Алар кыргыз да болбой, башка элге дагы батпай калган…

434