7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров жана Анвар Ибрагим «Ала-Арчадагы» этномаданий программа менен таанышты (ФОТО)

426

Президент Садыр Жапаров жана Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим бүгүн, 16-майда, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында анын өлкөгө жасаган расмий сапарынын алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.

Өлкө лидерлери ал жерге барганда аларды төкмө акындар, “Алптар” баатырлары жана “Аталар изи” улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.

Кол өнөрчүлөр аллеясын бойлото басып, эки өлкө лидерлери көчмөн элдин өзгөчөлүгү чагылдырылган боз үйлөрдүн инсталляциялары, кыргыз элинин улуттук каада-салттары жана маданияты, кол өнөрчүлөрдүн устаканаларда уникалдуу буюм-тайым жасап жаткандары менен таанышты, ошондой эле жогорку даражалуу коноктор жергиликтүү тамак-аштардан даам татышты.

Этномаданий программанын алкагында Ч.Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин жана Н.Тугелов атындагы мамлекеттик “Ак марал” бий ансамблинин аткаруусунда концерт тартууланды.

Ошондой эле «Аталар изи» кыргыз улуттук кийимдер коллекциясынын көргөзмөсү тартууланып, бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда «салбуурун» салттуу мергенчилигинин элементтери көрсөтүлдү.

427