7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров жана Binance компаниясынын негиздөөчүсү «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты

139

Президент Садыр Жапаров жана дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Кыргызстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында бүгүн, 3-майда, Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев маданий борбордун аймагына кыскача экскурсия жасатып, анын ачылуу тарыхын айтып берди.

Андан соң концерттик программа менен коштолгон бейформал сый тамак берилди.

Комплексти кыдыруу учурунда ардактуу коноктор комуз түрүндө жасалган пирсти көрүп чыгышты. Мында аларга улуттук музыкалык аспапта ойноо чеберчилиги көрсөтүлдү. Андан соң Садыр Жапаров сыйлуу конокко комуз тартуу кылды.

Андан кийин улуттук даамдар тартууланып, меймандар максым, куруттан ооз тийишти. Чанпэн Чжао суктануусун билдирип, улуттук ашканабыздын өзгөчөлүгүн белгиледи.

Эртең, 4-майда, президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин биринчи жыйыны өтмөкчү. Ага дүйнөдөгү эң ири Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао катышат.

140