7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ЖЕЭКтин видеоконференция форматындагы жыйынында сөз сүйлөдү

568

Бүгүн, 10-декабрда, президенти Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин (ЕЭЖК) үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыктоочу видеоконференция форматындагы жыйынына катышууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү белгиледи: 

«Урматтуу Касым-Жоомарт Кемелевич! Жыйындын урматтуу катышуучулары!

Баарыңыздарга Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин (ЕЭЖК) быйылкы жыйынтыктоочу отурумунда салам айтууга уруксат этиңиздер.

Ошондой эле ЕАЭБдин Ардактуу төрагасы, Казакстан Республикасынын туңгуч Президенти, урматтуу Нурсултан Абишевич Назарбаев менен көрүшүп жатканыбызга кубанычтамын.

Бүгүнкү жыйыныбызга Биримдикке байкоочу-мамлекеттер — Өзбекстан Республикасынын жана Куба Республикасынын башчылары катышып жатат. Саламатсыздарбы урматтуу Шавкат Миромонович жана урматтуу Мигель Диас-Канель Бермудес.

Биримдигибиз узап бараткан 2021-жылы ар кандай чектөөлөр менен тоскоолдуктарга карабастан, ишенимдүү кадам жасап, алдыбызда турган милдеттерди ишке ашырууда жигердүүлүктү көрсөттү.

Алгач Казакстан тарапка уюмга төрагалык кылган жылы натыйжалуу иш алпаргандыгы, ишибизди жогорку деңгээлде уюштургандыгы жана жыл ичинде конструктивдүү байланыш кургандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

Учурдан пайдаланып, кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан урматтуу Касым-Жоомарт Кемелевичти жана урматтуу Нурсултан Абишевичти алдыдагы Казакстан Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктоого жана боордош Казакстан элине өсүп-өнүгүү каалап кетүүгө уруксат этиңиздер.

Урматтуу мамлекет башчылары!

Биз биргелешкен күч-аракеттерибиз менен коронавируска каршы эмдөө ыргагын арттырып, бул илдет менен күрөшүүнүн комплекстүү чараларын көрүп жатабыз.

Келерки жылы эпидемиологиялык абалды жакшыртып, көзмө-көз жолугушууларды тез-тез өткөрө алабыз деп үмүт кылам.

Ал ортодо, коронавирустун жаңы пайда болуп жаткан „Омикрон“ сыяктуу штаммдары жаңы коркунучтарга, маселен, былтыркы абалга кайтып келүү тобокелчилиги бар.

Албетте, бул бизди тынчсыздандырбай койбойт.

Биз азыртадан эле айрым мамлекеттердин ортосундагы каттамдарды токтотуу же чектөө тууралуу кабарларды угуп жатабыз. Бул келечекте кайра эле элге терс таасирин тийгизгендей, өлкөлөрүбүздүн экономикасы үчүн дагы кесепеттерин тийгизиши мүмкүн.

Бул өңүттөн алганда санитардык-эпидемиологиялык коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүү боюнча чараларды ишке ашыруу жаатында белгилүү бир тажрыйбага ээ экенибизди белгилеп кетким келет.

Буга биздин өлкөлөрдүн экономикалык абалын акырындык менен ишенимдүү калыбына келүү траекториясы далил.

Маселен, үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыктары боюнча жалпы биримдиктеги ички дүң продукция 4,5 пайызга, ошондой эле өз ара соода алакасы 32 пайызга өскөндүгү байкалган. Ошентсе да бул биздин өлкөлөрүбүз пандемияга чейинки деңгээлге чыгат дегенди билдирбейт.

Кыргыз Республикасында экономика өткөн жылы 8,9% кыскаргандан кийин жылдын акырына чейин ал болгону 3,2% өсөт деп күтүлүүдө. Ошону менен бирге бюджеттин тартыштыгынын деңгээли ИДПга карата 1,3% деңгээлинде, ал эми тышкы карыз жогорку бойдон калары күтүлүүдө.

Ушуга байланыштуу, пандемияга чейинки мезгилдеги көрсөткүчтөргө чыгуу үчүн Комиссия Биримдиктеги өлкөлөр менен биргеликте Кыргызстандын карызынын туруктуулугун камсыздоого багытталган чараларды иштеп чыккан. Аны бүгүн бекитүүнү пландап жатабыз.

Азыркы кризис жана анын жалпы Биримдиктин экономикасына тийгизген терс таасири, анын ичинде жакырчылык деңгээлинин өсүшү, жумуш орундарынын кыскарышы жана өнүгүүдөгү ажырымдын артышы, албетте, биздин интеграциялык бирикменин экономикасын туруктуу өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.

Бул үчүн биргелешкен аракеттерибиз менен кооперациялык долбоорлорду жүзөгө ашырууну колдоонун натыйжалуу механизмдерин ишке киргизишибиз керек.

Жалпысынан товарларды экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө жана экономикабызды өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизе турган логистикалык инфраструктураны жана бөлүштүрүү системаларын түзүү зарыл.

Мындай системалар соода, транспорт, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык жөнгө салуу, ошондой эле бажы көзөмөлү чөйрөлөрүндө заманбап санариптик кызматтар менен коштолушу кажет.

Ошол эле учурда мүчө-мамлекеттердин экономикасына кризистин таасирин күчөткөн жагдайлардын бири өз ара эсептешүүлөрдө чет элдик валютанын колдонулушу болуп калууда.

Тышкы инфляциялык факторлордун таасиринин күчөшүнүн шартында жана биздин экономикаларыбыздын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында эсептөөлөрдө улуттук валюталарды активдүү колдонуу зарыл.

Ушуга байланыштуу Комиссия өлкөлөрүбүздүн өкмөттөрү менен бирге бул маселе боюнча конкреттүү сунуштарды даярдоого тийиш.

Урматтуу кесиптештер,

Бүгүнкү жыйындын күн тартибинде биздин интеграциянын өнүгүшүнө жаңы дем бере турган маселелер талкууланууда.

Алардын айрымдарына токтолууга уруксат этиңиздер.

Биринчиси — бүгүн биз карап жаткан евразиялык экономикалык интеграциянын стратегиялык багыттарынын ишке ашырылышы жөнүндө маселе. Ал стратегияда камтылган иш-чаралардын аткарылышын тездетүү зарылдыгы бар экенин түшүндүрөт.

2025-жылга эң негизгиси бүтүндөй документти сан жагынан эле эмес, сапаттуу аткарууга да чыгышыбыз керек. Максималдуу мультипликатордук интеграциялык натыйжаны бере турган иш-аракеттерге көңүл буруу маанилүү.

Баса, Стратегияны 2025-жылга чейин ишке ашыруу бөлүгүндө Комиссия сунушталган сандарга көңүлүңүздү бургум келет.

2021-жылга пландаштырылган 84 иш-чаранын 32си ишке ашырылып, бул болгону 38 пайызды түздү. Белгиленген пландардын мындай пассивдүү аткарылышынын себептерин талдоого алуу зарыл.

Ушуга байланыштуу Комиссия 2025-жылга чейинки Стратегияны өз убагында ишке ашыруу боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгына көңүл буруусу маанилүү деп эсептейм.

Экинчиси, Биримдиктин укуктук базасын өркүндөтүү боюнча биз жүргүзүп жаткан иш абдан маанилүү. Ал учурдагы реалдуу абалды гана эске албастан, келечекке да көңүл бурууга тийиш.

Бүгүн кабыл алынып жаткан Келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол, Аудитордук ишмердүүлүк жүргүзүү жөнүндө макулдашуу бул Биримдиктин жаңы мүмкүнчүлүктөр менен жаңы рынокторду ачуу менен алдыга жылып жаткандыгын белгиси.

Ошону менен бирге Биримдиктин укук жаатындагы боштуктарын толтуруу боюнча ишибиздин интенсивдүүлүгүн жогорулатуу жөнүндө да ойлонсок жакшы болор эле. Айрыкча тейлөө тармагында.

Урматтуу кесиптештер, өзүңүздөргө билгендей, Келишимде мүчө-мамлекеттер Биримдик тууралуу келишимдин күчүнө кириши менен  башка мүчө-мамлекеттердин кызмат көрсөтүүлөрүнө, мекемелер менен жеке адамдардын ишмердүүлүгүнө карата басмырлоочу жаңы чараларды көрүүгө тыюу салган ачык жана түшүнүктүү нормалар камтылган.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн ички эркин рыногунун иштешине негизи болгон бул базалык принцип так сакталышы зарыл жана Комиссия тарабынан көзөмөлгө алынышы керек деп эсептейбиз.

Үчүнчүсү, тышкы экономикалык ишмердикти жүргүзүү, анын ичинде соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жагынан Биримдиктин бизнеси үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ишти күчөтүү зарыл.

Биз кол койгон Бажы транзитинде алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу макулдашуу жана Навигациялык пломбаларды колдонуу тууралуу макулдашуу Биримдиктин бардык мамлекеттеринин ишкерлери күтүп жаткан документтер болуп саналат.

Мындай инструменттерди киргизүү ички рынокто да, Биримдиктин тышкы соодасында да товарларды өткөрүү көйгөйүн чечет, ошону менен соода жүгүртүүнүн өсүшүнө түрткү берет жана тоскоолдуктарды олуттуу кыскартат деп ишенем.

Төртүнчүдөн, евразиялык интеграциянын маанилүү компоненти бирдиктүү эмгек рыногу болуп саналат.

Биримдиктеги өлкөлөрдүн аймагында эмгектенгендерге тиешелүү шарттарды түзүү боюнча ишти улантуу маанилүү.

Айрыкча азыркы эпидемиологиялык кырдаалда иштеп жаткан жарандарыбыз жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, кайсынысы болбосун, ар бир мүчө-мамлекеттердин аймагында социалдык жактан коргоонун толук кепилдигине ээ болушу керек.

Атап айтканда, биз алардын милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына да, биздин өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан эмдөөлөргө да жеткиликтүү болушун камсыз кылышыбыз керек.

Урматтуу достор,

Келерки жылы Евразиялык экономикалык комиссиянын ишинин башталганына 10 жыл толот.

Бул маанилүү окуя Биримдиктин идеяларын жайылтуу жана аны коомдо даңазалоо менен кеңири натыйжаларга жетишүү үчүн пайдаланылууга тийиш.

Биз бардык мүчө-мамлекеттерде масштабдуу маалымат кампанияларын жана максаттуу иш-чараларды өткөрүүнү сунуштайбыз.

Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин бүгүнкү жыйынында Биримдиктин органдарына төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилет. Касым-Жомарт Кемелевичке жемиштүү иши жана көптөгөн негизги маселелерди чечүүдө туруктуулугу үчүн дагы бир жолу өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет.

Төрагалыкты алуу менен Кыргыз Республикасы Биримдиктин учурдагы күн тартибин ишке ашыруу үчүн гана эмес, анын ишмердүүлүгүн жаңы багыттарда кеңейтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.

Келерки жылды инвестициялык жана жамааттык кызматташууну бекемдөөгө, транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө, жаңы келечектүү рынокторго чыгуу менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө арноо маанилүү.

Климаттын күн тартибине, жашыл технологияларды киргизүүгө, электрондук коммерция тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруу, ошондой эле ЕАЭБдин символу боло турган биргелешкен жогорку технологиялык долбоорлорду иштеп чыгууну баштоо зарыл.

Сөзүмдүн аягында баарыңыздарды келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Ар бириңиздерге чың ден соолук, бакубатчылык жана тынчтык, ал эми евразиялык биримдигибизге жаңы-жаңы жетишкендиктерди каалайм!

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

569