7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тогуз-Тородо ИИМдин “Бирдиктүү терезе” аталышындагы борбор ачылды

669

Тогуз-Тородо ИИМдин «Бирдиктүү терезе» аталышындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн кошумча борбору иштей баштады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эми Тогуз-Торо районунун тургундары жарандардын соттолгон же соттолбогону боюнча тактамаларды Тогуз-Торо РИИБнен эле ала алышат.

«Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптимизациялоо, жарандардын ага жеткиликтүүлүгүн ыңгайлаштыруу, кызмат көрсөтүүлөрдүн убакыттарын, процедураларын азайтуу, андан сырткары кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында Ички иштер министрлиги “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча жарандарды заманбап форматта тейлеген борборлор бүгүнкү күндө иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Аталган иш-чарада Жалал-Абад ОИИБдин маалыматтык технологиялар бѳлүмүнүн начальниги милициянын подполковниги Тынчтыкбек Токтогулов, Тогуз-Торо РИИБдин начальниги Т.Сабырканов, ИИМнин маалыматтык технологиянын башкы башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жана мекеме жетекчилеринин катышуусунда ѳттү.

«Бирдиктүү терезе» принциби киргизилгенден баштап зарыл документтерди чогултуу үчүн убакыт үнөмдөлөт. Тактамаларды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү кыскарат» – деп белгиледи Тогуз-Торо РИИБнин начальниги Сабырканов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

670