Террордук аракеттерге катышкан чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-декабрда Бишкек шаарында чет мамлекеттин жараны М.Ш.Р. террористтик ишмердүүлүккө катыштыгы бар деп кармалган.
Шектүүнүн Стамбулдагы клубдардын резонанстуу терактка тиешеси бар экени, анын натыйжасында 18 өлкөнүн 39 жараны набыт болгону аныкталган.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.