7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров жергиликтүү сотторго 15 судья дайындады (ТИЗМЕ)

1596

Судьяларды тандоо боюнча Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атына Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Баткен, Ош, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык өз кызмат орундарына 9 талапкер, ошондой эле Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык бош кызмат орундарына 7 талапкерге, жалпы 16 талапкерге сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Президент Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн 15 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Мамлекет башчынын жогоруда аталган 15 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:
– Баткен облусу:
Баткен облустук соту
Абышова Кундуз Сабырбековна;
Кадамжай райондук соту:
Ажиматов Улан Абдыкаарович;
Тажибаев Илязбек Курванбекович;
Лейлек райондук соту
Абдимиталипов Эльярбек Бахадирович;
Сүлүктү шаардык соту
Эрматова Гулзат Муктаровна;
Кызыл-Кыя шаардык соту
Адимов Акылбек Акматович;
– Ош облусу:
Кара-Суу райондук соту
Гуламидин уулу Элчибек;
Ош шаардык соту
Турдалиев Ниязбек Назарович;
– Жалал-Абад облусу:
Ноокен райондук соту
Чоноев Чынгыз Мелисович;
Жалал-Абад шаардык соту
Ганиев Жоомарт Махамадисакович;
– Чүй облусу
Чүй облустук соту
Кыдыралиева Нурзат Амантуровна;
– Талас облусу
Талас шаардык соту
Суйналиев Дамир Суйунтаевич;

– Бишкек шаары
Бишкек шаардык соту:
Бекбаева Нурия Хусаиновна;
Накешова Минура Асылбековна;
Токтосунов Шарабидин Бекташевич.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1597