7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров жетекчилерди тез арада эмдөөдөн өтүүгө үндөдү

929

Садыр Жапаров өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана калктын коронавирус инфекциясына каршы иммунитетин күчтөндүрүү максатында Республикалык ыкчам штабга калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Президенттин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине, Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, райондук мамлекеттик администрацияларга жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерине эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров өлкөнүн бардык жарандарын өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын ден-соолугун коргоо үчүн аң-сезимдүү болуп, эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

930