7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Кытайдын жогорку өкүлү Шэнь Юэюэни кабыл алды

11

Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, Кытай Эл Республикасынын 14-чакырылыштагы Элдик саясий консультативдик кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары, ШКУнун Ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык боюнча комитетинин Төрайымы Шэнь Юэюэни кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу өз ара аракеттенүү, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөдөгү, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу боюнча пикир алмашышты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кытай бекем достук, ынак коңшулук жана жемиштүү кызматташтык мамилелерин курганын баса белгиледи.

Садыр Жапаров акыркы жылдардагы олуттуу жетишкендиктерге токтолуп, анын ичинде «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушун жана кыргыз-кытай чек арасындагы үчүнчү «Бедел» өткөрмө пунктунун ачылышын, ошондой эле башка ири инфраструктуралык долбоорлорду атап өттү. Президент ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыктын өнүгүшүнө көңүл бурду. Ал кытайлык дарыгерлерге “Экспресс саламаттык” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырганы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул долбоордун алкагында акыркы үч жыл ичинде кытайлык адистер Кыргызстандагы 1000ден ашуун бейтапка катарактаны алып салуу жана глаукоманы дарылоо боюнча акысыз операцияларды жасашкан. Өз кезегинде Кытай Элдик саясий консультативдик кеңешинин 14-чакырылышынын Бүткүл кытайлык комитетинин Төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэ Мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы жана өз ара аракеттенүүнүн негизги аспектилери боюнча кеңири пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, конструктивдүү диалогду тереңдетүүгө болгон эки тараптын кызыкчылыгын ырастады.

Ал ошондой эле Садыр Жапаровго Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин атынан салам жана эң жакшы каалоолорду жеткирди. Шэнь Юэюэ өткөн жылы эки өлкөнүн лидерлери үч жолу жолугушуп, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн багыттарын белгилешкенин, бул эки мамлекеттин ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүккө зор түрткү бергенин айтты.

Шэнь Юэюэ Кытай ынак коңшу жана стратегиялык өнөктөш катары Кыргызстандын жетишкендиктерине чын жүрөктөн кубанычта экенин баса белгиледи. Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жана кыргыз элинин аракети менен өлкө мамлекеттик өнүгүүдө жаңы ийгиликтерге жетишерине бекем ишеним билдирилди.

12