7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Элдин акчасын үнөмдөйлү». Жапаров жаңы депутаттарга кайрылуу жасады

1338

 Президент Садыр Жапаров фейсбуктагы баракчасы аркылуу Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарына кайрылды.

«7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин урматтуу депутаттары.

«Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы президенттин иш башкармалыгы менен биригип калыптыр, кайра өзүнчө бөлүп алалы” деген пикирлериңиздерден кайтышыңыздарды өтүнөм.

Президентти, парламентти, министрлер кабинетин бир эле иш башкармалык тейлейт. Баарына бирдей баш иет. Себеби бул — мамлекеттик мекеме. Силерди тейлейм, а силерди тейлебейм деген принцип болбойт. Эмне муктаждык болсо, билдирме бересиздер камсыз кылышат. Кылбайбы, арыз жазгыла. Жетекчилери дароо жооп беришет, керек болсо кызматтан кетишет.

Өзүнчө бөлүп алганыңарда бюджеттен кошумча көп каражат кетет. Кошумча штаттар ачылат. Элдин акчасын үнөмдөйлү. Өзүнчө бөлүп алсаңыздар эле бир башкача тейленип кетпейсиздер.

Баарыбызды бир эле иш башкармалык бирдей тейлеп жатат жана тейлей берет. Төшөгүбүзгө жараша бутубузду суналы. Элдин акчасын үнөмдөө үчүн баарын бириктирип, бир эле башкармалык тейлесин дедик»,- деди өлкө башчы.

Белгилей кетсек, кечээ, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттар ант берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1339