7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровду Кытайда кызыл килем, ардактуу кароол менен тосуп алышты (ФОТО)

814

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, мамлекеттик сапар менен Кытай Эл Республикасына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчынын учагы Сиань шаарындагы “Сяньян” эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Садыр Жапаровду жана Биринчи айым Айгүл Жапарованы КЭР маданият жана туризм министри Ху Хэпин тосуп алды. Ушул эле жерде жогорку даражалуу коноктор үчүн чакан концерттик программа тартууланды.

Эске салсак, мамлекеттик сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы «Борбор Азия-Кытай» саммитинин ишине катышат, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле КЭР мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин менен жолугушуулар жана башка расмий иш-чаралар пландалууда.

Мамлекеттик сапардын иш-чаралары Кытайдын үч шаарында — Сиань, Пекин, Цзинань шаарларында өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

815