Ош шаарындагы эл аралык аэропортунда 57 килограммга чейинки салмак ченинде бокс боюнча дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулун салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Байге ээсин тосуп алууга Ош мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар, спортчулар жана мушкердин жакындары келди.
Буга чейин, президент Садыр Жапаров да Мунарбек Сейитбек уулун куттуктап алдыдагы мелдештерине спорттук ийгиликтерди каалаган.
Эскерте кетсек, 1-майдан 14-майга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында бокс боюнча дүйнө чемпионаты өткөн. Чемпионатка дүйнөнүн 107 өлкөсүнөн 500дөн ашык спортчу катышкан.
Мунарбек Сейитбек уулу Пуэрто-Рико, Таиланд, Мексика, Тажикстандын спортчуларын 4 жолу катары менен жеңип, жарым финалга чыккан. 12-майда Өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешип, ага жеңилип калды. Бул салмак категориясында кыргызстандык спортчу 3-орунду ээлеп, коло медалга татыды.