Дмитриевка айылында шектүүнү кармоо боюнча атайын операция учурунда жабыркаган укук коргоо кызматкеринин абалы туруктуу.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 1991-жылы туулган жабырлануучунун сол санына ок тийип, тез жардам кызматы аркылуу Улуттук госпиталга жеткирилген.
«Дарыгерлер жабырлануучуга операция жасашты. Бейтаптын операциядан кийинки абалы канааттандырарлык деп бааланууда, учурда дарыланып жатат»- деп берилет маалыматта.
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында атайын операциянын жүрүшүндө эки күч кызматкери жаракат алган. Бирөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Санынан ок тийген экинчи жабырлануучу Улуттук госпиталга жеткирилген.
Андан мурда ИИМ куралдуу каршылык көрсөткөн террорист өлтүрүлгөнүн билдирген.