7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровду Малайзияда тосуп алуу расмий аземи болуп өттү

292

Бүгүн, 25-июнда, Путраджая шаарында президент Садыр Жапаровду Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим тарабынан расмий тосуп алуу аземи болуп өттү.

Азем Малайзиянын премьер-министринин «Пердана Путра» кеңсесинин имаратында өттү. Кыргыз Республикасынын президентин Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим тосуп алды. Өз ара саламдашуудан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Ардак кароол ротасынын командири саламдашуу рапортун берди. Андан соң Садыр Жапаров Ардак кароол ротасын кыдырып чыкты.

Аземдин жүрүшүндө эки мамлекеттин делегация мүчөлөрүнүн расмий тааныштыруу болду. Андан кийин Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министринин кеңсесинин Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырып, Өкмөт башчынын жеке кабинети менен таанышты.

Азем аяктагандан кийин делегация башчылары сүйлөшүү залына бет алышты.

293