7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри тосуп алды

594

Мамлекет башчысын Ислам Каримов атындагы «Ташкент» аэропортунда Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Ташкент» эл аралык аэропортуна Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем салынып, ардактуу кароол тизилген.

Президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ошону менен бирге иш сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылууда.

Мындан тышкары, алдыдагы иш сапардын алкагында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү мерчемделген.

 

595