7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун 18-20-декабрда Японияга болгон расмий сапары аяктады

2

Президент Садыр Жапаровдун 18-20-декабрда Японияга болгон расмий сапары аяктады.

  • 18-декабрда Мамлекет башчысы Япониянын Императору Нарухито менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө достук байланыштарды чыңдоо, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстан менен Япониянын элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди кеңейтүү маселелери талкууланды.

  • 20-декабрда Президент «Борбордук Азия – Япония» Диалогунун Биринчи саммитине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү саммит Борбордук Азия өлкөлөрү менен Япониянын ортосундагы өнөктөштүктү сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга болгон жалпы умтулууну билдирерин баса белгиледи. Ал Кыргызстан Япониянын биргелешкен ишти үч негизги багытка – экологиялык тазалык жана туруктуулук, коммуникациялар, адам ресурстарын өнүктүрүүгө багыттоо боюнча сунушун колдой турганын ырастады.

  • Президент андан ары «Борбор Азия + Япония» Диалогу бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу документтерди жарыялоо аземине катышты.

Иш-чаранын алкагында туруктуу өнүгүү, «жашыл» экономиканы түзүү, санариптештирүү, IT-индустриясын өнүктүрүү, ошондой эле адамдык капиталды жана билим берүүнү өнүктүрүү маселелери сыяктуу өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары каралды.

  • Ошол эле күнү Садыр Жапаров өлкөнүн Премьер-министри Санаэ Такаити менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү, өз ара сооданы жана инвестицияны көбөйтүү, туруктуу жана «жашыл» энергетика тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле спорт жана туризм тармагында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери талкууланды.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө жана кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

 

3