7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин атынан китепканаларга 5 млн сомду түзгөн китептер тапшырылды

789

Президент Садыр Жапаровдун атынан китепканаларга китептердин биринчи партиясы тапшырылды.

Маалыматка ылайык, К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда президенттин атынан 5 млн сомдук китептерди тапшырды.

“Китепканалар өнүгүшү керек, бизде ири борбордук, райондук, айылдык китепканалар боюнча чоң пландарыбыз бар. Алардын бары эки-үч жылдын ичинде жаңыланып, ал жакка киргендердин агымы көбөйүшү керек. Президент Садыр Жапаров китептердин биринчи партиясын сатып алууга президенттик фонддон акча бөлдү. Келечекте китептерти басып чыгаргандарды колдоо программасын кайрадан ишке киргизебиз”, — деди Байсалов.

Ал эми маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов алдыда ведомство китепканаларды өнүктүрүп, аларды жаштар борборлору менен бириктирүүгө чоң көңүл бурууну пландап жатат деп белгиледи.

“Акча эң актуалдуу жана көчүрүп алууга мүмкүн болбогон китептерди сатып алуу үчун президенттик фонддон бөлүнгөн. Акыркы 30 жыл аралыгында китепканаларга эч кандай көңүл бурулбай, кандайдыр бир инфраструктура жаңыланган эмес. Акыркы жылдары китепканаларды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан меценаттар бар. Биз жаштар борборун китепканалар менен бириктиргибиз келет”, — деди Жаманкулов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

790