7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Австрияга болгон расмий сапары аяктады

328

 

Президент Садыр Жапаровдун 24-25-ноябрда Австрия Республикасына болгон расмий сапары аяктады.

Сапардын алкагында 25-ноябрда Венада Президент Садыр Жапаровдун Австриянын Федералдык Президенти Александер Ван дер Беллен менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Аземден кийин эки өлкөнүн лидерлери чакан жана кеңейтилген курамдарда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыктын кеңири маселелерин жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Экономикалык өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, ошондой эле Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүү багыттары белгиленди.

Ушул эле күнү Садыр Жапаров Австриянын Федералдык Канцлери Карл Нехаммер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык тармакта кызматташуу, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Расмий сапарынын аягында Президент Садыр Жапаров Австрия Республикасынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Вальтер Розенкранц менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасоо менен өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

329