7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Бахрейн Королу менен расмий жолугушуусу болду

339

Бүгүн, 21-апрелде Манама шаарында президент Садыр Жапаров менен Бахрейн Королдугунун Королу Хамад бин Иса Аль Халифанын расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Азем Бахрейн Королунун сарайында өттү. Биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин эки мамлекеттин лидерлери саламдашышты.

Андан соң Кыргызстандын жана Бахрейн Королдугунун мамлекеттик гимндери аткарылды. Садыр Жапаровдун расмий сапарынын урматына 21 замбирек атылды.

Мындан кийин мамлекет башчылар Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты.

Аземдин расмий бөлүгү аяктаган соң Садыр Жапаров менен Хамад бин Иса Аль Халифа делегация мүчөлөрүн тааныштырып, эки тараптуу жолугушуу үчүн сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

340