7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапары аяктады (ФОТО)

705

Президент Садыр Жапаровдун 30-октябрдан 1-ноябрга чейинки Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапары аяктады.

Иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров БАЭ Президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы өнүгүп жаткан кызматташуу келечегин, соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка өз ара кызыкчылык туудурган тармактардын маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Анын ичинде 1 млрд 200 млн АКШ доллары суммасына чейинки ири коммерциялык өнүгүү долбоорлорун ишке ашырууну көздөгөн, уставдык фонду 100 млн АКШ доллар болгон Биргелешкен холдингдик компания түзүлдү.

Ошондой эле иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы «Wahat Al Karama» мемориалдык комплексине барып, Мекени үчүн курман болгон БАЭ баатырларынын элесине таазим кылып гүлчамбар койду.

Андан соң Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү жана биринчи Президенти шейх Заед бин Султан Аль Нахаяндын күмбөзүнө, ошондой эле шейх Заеддин ысымы ыйгарылган мечитке барды.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, иш сапарын аяктап Бишкек шаарына кайтып келди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

706