«Урматтуу Улуу Жыйындын – Курултайдын катышуучулары!
Биз кылымдар бою эӊсеп келген эгемендүүлүгүбүзгө жеткенибизге быйыл 31 жылдын жүзү болуп олтурат. Бул чейрек кылымдан ашуун мезгил аралыгында ийгиликтерибиз менен катар бир топ кемчилдиктерибиз да болду. Андай кетирген кемчилигибизди да моюнубузга алуубуз керек. Бүгүнкү күндө бизди түйшөлткөн, Ата Мекенибиздин өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип, тоскоол болгон орчундуу маселелер кайсылар? Мына ошолордун олуттуусуна токтолуп, сиздер менен чогуу кеп кылалы, талкуулайлы, ой бөлүшөлү.
Өлкөнү ичинен кемирип жеп, Кыргызстандын өнүгүүсүнө, алга жылуусуна кедергисин тийгизип, бардык тармактарга тамырын кеңири жайып кирип алган коррупция көйгөйү дагы деле бар. Коррупция тамырын ушунчалык кенен жайган экен, биз өлкө башына келген күндөн тартып, башкы милдетибиз катары карап, ага каршы чечкиндүү күрөш жүргүзгөнүбүзгө карабай, коомчулуктагы бул илдеттен али толук тазаланууга жетише албай келатканыбызды ачык айталы. Эки баштуу ажыдаарга айланган бул коррупциянын бир башын кессек, кайра экинчи башы өсүп, дале токтобой келатат. Бирок кол куушуруп, шалдайып отуруп калган жерибиз жок, коррупция менен айыгышкан күрөш уланып жатат.
Биз 7 миллион калк болуп, учугубуз уланып, канат-бутагыбыз жайылды дегенибиз менен, Кыргызстан – алакандай эл, уй түгүндөй коңшуларга караганда, бизде бири-бирин жакшы тааныйт, ким эмне менен дем алып, кантип байып жатканын кыраакы элибиз жакшы билет.
Ошентип, ар кандай коррупциялык көрүнүштөрдү, схемаларды түзүп алып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгындагы каражаттарды сол чөнтөккө сологондордун жолун тороп, бийлик мыйзам укуругун салып келет. Мыйзам чегинде чара көрүү менен мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуртуу иштери уланууда. Сиздер менен биргеликте Курултайдын күчүн коррупцияга каршы күрөшкө туура багыттай алсак, натыйжасы сөзсүз болот деп ишенем.
Элдик Курултайда талкуулана турган башкы маселелердин бири да ушул коррупциянын кесепети жана аны алдын алуу иштерине басым жасоого жапа тырмак киришсек дегим келет. Эгер элибиз коррупционерлерди “тууганым эле, жердешим эле” деп коргоп чыга берсе, анда биз бул илдеттен эч убакта кутула албайбыз.
Элибиз коррупционерлерди, мамлекеттик, демек, элдик мүлккө суук колун салгандарды жалпы жектесек, аларга болушпасак, “Коррупционерсиңби, мыйзам алдында жазаңды тарт!” десек, ошондо гана биз биргеликте коррупцияны жеңет элек.
Бүгүн ушул багытта сиздердин ой-сунуштарыңыздарды уккум келет.
Урматтуу Элдик Курултайдын делегаттары!
Жогоруда мен бүгүнкү күндө бардык кыргызстандыктарды санаага салган саналуу маселелерге гана саресеп салып өттүм. Сөзүмдүн башында белгилеп өткөнүмдөй, байыртадан эле элибиз омоктуу ой калчап, олуттуу маселе талдап, келечекке кеӊири жол ачкан Элдик Курултайларда – Улуу Жыйындарда “Биз ким элек, ким болдук, бүгүн кандай иш жасоодобуз, келечек муун үчүн кандай келечек түптөдүк?” деген соболдорго жооп издеп, тагдыр чечер чечимдерди кабыл алып келишкен.
“Кеңешип кескен бармак оорубайт” дегендей, балким сиздер да өлкөбүздүн өнүгүү жолун ташыркатып, кедергисин тийгизип жаткан маселелерди ачыктап, алардан арылуу тууралуу кеп-кеңеш, сунуш-пикирлерди берерсиздер.
Элибизде “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” деген улуу сөз бар. Кыргызстандын өнүгүүсүн, элибиздин бакубат турмушун камсыз кылуу деген асыл максатыбыз үчүн бири-бирибизге кол кабыш кылып, баарыңыздарды бүгүн ушул жерде болгон көйгөйдү ортого ачык айтып, аны чечүүнүн жолдорун сунуштоого чакырам! Бул жыйынга катышкан ар бирибиздин башкы милдетибиз да ушул деп ойлойм.
Бүгүнкү өтүп жаткан Элдик Курултай нагыз элдик жыйын экенине бир катар олуттуу себептер бар. Биринчиден, Элдик Курултай институту Баш мыйзамыбызга киргизилгени маалым. Экинчиден, Элдик Курултайдын мүчөлөрү жалаң гана эл ичинен шайланып келишти. Элдик Курултайда бир дагы мамлекеттик кызматкер жок. Бийлик органдарынын өкүлдөрүнө Элдик Курултайга делегат болуп келишине биз жол берген жокпуз. Элдик жыйынга делегаттарды шайлоону эл өзү чечти.
Кантип шайландыңыздар, кандай шайлоо жүрдү – өзүңүздөр күбөсүздөр. Ошондуктан буга чейин айрымдар тарабынан айтылып келаткандай, дежурлар чогулган курултай болдубу же чыныгы эл шайлап жиберген эл өкүлдөрү катышкан курултай болдубу – ага өзүңүздөр жооп беришиңиздер керек.
Мен болсо бул жыйынды чыныгы Элдик Курултай деп атоого толук укугубуз бар деп ойлойм.
Урматтуу Элдик Курултайдын делегаттары, дагы бир маселени алдын ала белгилеп айтып кетүүгө уруксат этиңиздер. Жер-жерлерден келген делегаттардын көкүрөгүндө өз аймагындагы көйгөйлөрдү айтып, аларды мүмкүн болушунча чечип калуу ниет-максаттары турганы белгилүү.
Айрым маселелер 40-50 жылдан бери чечилбей келе жатат. Мындай жергиликтүү маселеңиздерди биз жакшы билебиз. Мамлекетибиздин экономикалык мүмкүнчүлүгү жакшырган сайын аларды чечүү боюнча тиешелүү иштерди күчөтөбүз. Кудай буюрса, ал иштерди да жакынкы мезгилдерде жөнгө салууга болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Айтайын дегеним, бүгүнкү Улуттук Жыйында мамлекеттик маанидеги маселелер көтөрүлүп, аларды чечүүнүн жолдору талкууланарына ишенимим чоң болууда!
Буга ар бириңиздер омоктуу ойлор жана дымактуу максат-сунуштарыңыздар менен бөлүшүп, салым кошосуздар деген үмүтүм бар. Аты айтып турган Элдик Курултайдын – Улуттук Улуу Жыйындын кадыр-баркын ар бириңиздер сүйлөгөн сөзүңүздөр, берген сунуштарыңыздар менен жогору көтөрүүгө чакырып кетер элем. Эгерде биз мамлекетибиздин, элибиздин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан, тууган-туушкандыктан, бөлүнүп-тирешүүдөн жогору койсок, мамлекетибиз үчүн, элибиз үчүн “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга” жетишсек, анда байыркы Кыргыз ата-бабабыздан калган улуу салтыбызга кайтып, улуттук деңгээлде ойлоно алган калк боло алабыз! Байыркы Улуу Кыргыз цивилизациясынын өзөгүнө дем берип, кайрадан жандандырып, кийинки муунга татыктуу мурастарды калтырабыз!
Ошондуктан бүгүн сиздер менен биргеликте ата-бабаларыбыздын баштаган ишин, баскан жолун эскерип, аларды улантууну колго алабыз деген ишеним менен иш баштап олтурабыз. Ар бирибиз айткан сөзүбүз менен кылган ишибиз айкалышсын деп тилек кылалы.
Мындан ары Элдик Курултайыбыз элге кызмат кылган нагыз элдик жыйынга айлансын!
Мамлекетибиздин түркүгү түбөлүккө бекем болуп, баштаган ишибиздин ийгилиги артсын!»,-деди өлкө башчы.