7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Францияга болгон иш сапары аяктады

379

Президент Садыр Жапаровдун 25-27-июль күндөрү Франция Республикасына болгон иш сапары аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө Мамлекет башчысы “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы саммиттин ишине катышты.

Саммит спорттун туруктуу өнүгүүнүн маанилүү кыймылдаткычы деген ишенимдин негизинде күч-аракеттерди мобилизациялоону максат кылат жана мураска, таасирге жана туруктуулукка басым жасоо менен спорттук иш-чаралардын жаңы жолун орнотууга багытталган.

Иш сапардын экинчи күнүндө Садыр Жапаров Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин жаңы имаратына барды. 

Президенттин тапшырмасы менен үстүбүздөгү жылдын январь айында элчилик мамлекеттин менчигине алынган жаңы имаратка көчүп барган. 320 чарчы метр аянтты ээлеген дипломатиялык миссиянын жаңы орду Париждин 16-округунда жайгашкан.

Мамлекет башчысы чет өлкөдөгү мекемелердин кызматкерлери жана башчылары үчүн зарыл шарттарды түзүүнүн, анын ичинде турак-жай менен камсыздоонун маанилүүлүгүн эскерте кетти. 

Андан соң Мамлекет башчысы Париж шаарында XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышты

Мамлекет башчысын жана Биринчи айым Айгүл Жапарованы Елисей сарайында Франциянын Президенти Эмманюэль Макрон менен Биринчи айым Брижит Макрон тосуп алды.

Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Сена дарыясында өттү. Париждин белгилүү жерлеринин жанынан 85 өлкөнүн делегациясы кайыктар менен сүзүп өтүштү.

Кыргызстандын мамлекеттик желегин дзюдочу Эрлан Шеров жана Елизавета Печерских көтөрүп өтүштү. Салтанатка келген конокторго – чет өлкөлөрдүн лидерлери, чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын башчыларына Франциянын маданиятын чагылдырган көркөм өнөр тартууланды. 

Иш-чаранын кульминациясы — Олимпиада отунун жанышы болду.

Улуттук курама командада 16 спортчу бар, алар спорттун беш түрүндө – күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча катышат.

Францияга болгон иш сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров 27-июлда Бишкек шаарына кайтып келди.

380