7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн», Иличбек Кулназаров: Парижде алтын да, күмүш менен коло медалдар да болот деп үмүттөнөлү

345

2024-жылдын 22-июлунан 28ине чейинки окуялар тууралуу журналист жана саясат таануучу Иличбек Кулназаров менен маек.

– Бүткүл дүйнө кечээ күнү Париждеги Олимпиаданын ачылышын көрдү, салтанатка кыргыз президенти Садыр Жапаров дагы жубайы менен катышты. Биздин спортчулар жеңишке жетишет деп мен ишенем, анткени аларда руханий байлык менен дух дагы бар, деги эле кыргыз спортунун уюткусу күчтүү – тээ 1980-жылдан бери кыргыз спортчулары олимп медалдарына ээ болуп келатат. Акыркы мезгилде бийлик тарабынан дагы спортко жакшы көңүл бурула баштады жана жалпы эл дагы колдоп жатат, ошондуктан Парижде алтын дагы, күмүш менен коло медалдар да болот деп үмүттөнөлү.

– Жаз айларынан бери өлкөбүздүн ар башка аймагында сел жүрүп, адам өмүрүн алып, көптөгөн кыйроо болуп кетти, мындай кырсыктардын алдын алуу боюнча көптөгөн калпыстык болгону көрүнүп турат. Суу киргенде кандай болбосун учурда өз жолун таап кетет, бирок жергиликтүү бийлик ошол суу жээгиндеги жерлерди элге сатып жиберген, беркилер болсо үй же башка курулуштарды тургузуп алган, бирок сайдын жээктери бекемделген эмес. Ошол эле учурда селдин жүрүшү же жердин көчүшүн азайта ала турган бак-дарактар жетиштүү ченемде тигилбей жатканы дагы өкүндүрөт…

– Өкмөт менен Бишкек мэриясы азыр мектептеги окуу эртең мененки саат жетиден башталсын деген демилге көтөрүп жатат, советтик мезгилден калган бизде бир адат бар бир несе болсо эле биз жооп бере албаган балдарды салып беребиз. Ал кезде, кийин деле, бир чоң мамлекеттик конок келатса, суукта деле, ысыкта дагы колуна гүл карматып, байкуш жаш балдарды көчөгө тизип койчубуз. Эми дагы жолдогу тыгындарды азайтыш үчүн биз жаш балдарыбызы эртең мененки саат беште туругузуш керек болуп калуудабыз. Ошондой эле жол тыгындарын азайтабыз десе, бюрократ атка минерлер өздөрү жумушун саат 7де баштабайбы…

Жуманын негизги окуялары:

– Франциянын президенти Макрондун чакыруусу менен кыргыз президенти Садыр Жапаров кечээ күнү Парижде XXXIII Олимп оюндарынын салтанаттуу ачылышына күбө болду жана «Спорт өнүгүү үчүн» деген саммитке дагы катышты.

– Өткөн жекшемби күнү президент Жапаров Олимпиадага кетип жаткан кыргыз спортчулары менен жолугуп, аларга ийгилик каалап, балбан Акжол Махмудовго кыргыз туусун тапшырган.

– Садыр Жапаров 23-июлда – Дене тарбия жана спорт тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү жаңы мыйзамга кол койду, Жогорку кеңеш аны 26-июнда кабыл алган. Спорт менен машыгуу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга эч тоскоолдук болбош керек.

– 25-июлда Бишкекте Шанхай уюмуна кирген мамлекеттердин баш прокурорлорунун 22-жыйыны болуп өттү. Кыргызстан менен Өзбекстандын баш прокурорлору кызматташуу келишимне кол койду.

– 25-июлда президент Жапаров – соңку тарыхтагы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрү тууралуу жобого кол койду. Журт аталары катары Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаев аталды.

– 26-июлда Чолпон-Ата шаарында Электрондук соода боюнча экинчи эл аралык форум болуп өттү, Акылбек Жапаров анын катышуучуларына видео-байланыш аркылуу кайрылды.

– «Кыргызэлектроника» ишканасы биринчи кыргыз ноутбугун чыгарып, аны «Мекен» деп атаптыр. Шаймандарды Clovertek Industries деген кытайлык компаниядан алат экен.

 

– Өлкөдө быйыл жарым жылда 300дөн ашык сел жүрүп, алар тийгизген зыян 1 млрд сомдон ашты, 22 адам каза болуп, 4 жарым миңден ашык үй жабыркаган. Былтыр Кыргызстанда беш эсе аз – 62 гана сел болгон экен.

– УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош менен Баткенге барып, селдин кесепеттери кантип жоюлуп жатканын текшерип чыкты.

– Оштогу Ак-Бууранын боюндагы мыйзамсыз соода түйүндөрү алынып, ал курулуштарга уруксат бергендер жана дарыянын нугун тазалабагандар жоопко тартыла баштады.

– Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, сел жүрүү коркунучу бар аймактарда азыр 4 миңге жакын үй-бүлө жашайт, алардын баары башка жерге көчүрүлүш керек.

– Оштун экс-вице-мэри Жасур Азимов, мурдагы башкы архитектору Алтынбек Токошев жана дагы эки адам 2 айга камакка алынды.

– 22-июлда президент Жапаров Жалал-Абадка барып, «Көк-Арт» жана «Кайнама» деген эки чакан ГЭСтин ачылышына катышты.

– Президент Жапаров 22-июлда – ишкерлер жана инвесторлордун укугун коргогон жаңы мыйзамга кол койду. Ага ылайык, мыйзам бузган бизнес өкүлдөрү камакка алынбастан, алардын мүлкү күрөгө коюлушу мүмкүн.

 

– Өкмөт менен Бишкек мэриясынын 25-июлда жарыяланган чечимдери менен Бишкек көчөлөрүндөгү тыгындарды азайтуу максатында мамлекеттик лицей-институттардагы сабактар эртең мененки саат ондон эрте башталбаш керек деп бекитилди, ал эми айрым мектептердеги окуу 7:00-7:30да башталмай болду.

– Шаардагы ошол эле тыгындарды азайтуу максатында машинелердин номерлери жуп сан менен бүтсө, жуп сан күндөрү, так сан номерлүүлөр так сан күндөрү жүрсүн, андан тышкары – кызматкерлер машине айдабай, коомдук унаа менен жүрсүн деген демилгелер көтөрүлдү.

– Милиция мыйзамсыз иштеген улам жаңы медресе же жайкы лагерь таап, аларды жаап же айып пул төлөтүп жатат. Кайсы бир катталып жаткан уюмдардын ысмында диний терминдерди колдонууга дагы тыюу салынды. Мыйзам ЖК тарабынан 27-июнда кабыл алынган.

– Минкабдын жетекчиси Акылбек Жапаров 23-июлда Бишкек жылуулук борборуна барып, анын абалы менен таанышты. Андан соң «Инфоком» жана «Учкун» ишканаларында да болду.

– Камчыбек Ташиевдин айтымында, мурдагы спикер Чыныбай Турсунбековдун кыздары камакка алынганы – бир кезде «Акылинвестбанктын» рейдерлик жол менен тартып алынышы жана Бишкектеги арак заводу мыйзамсыз менчиктештирилгени менен байланыштуу. Банк Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өттү.

– Тазабек Икрамов депутаттык мандатын тапшыргандан кийин, Сузак районунда Жогорку кеңешке шайлоо 22-сентябрга дайындалды.

– CASA-1000 долбоорун бүтүрүү үчүн Ислам банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга кошумча 13 жана 18 млн доллар насыя бермей болду, келишимдерге 24-июлда президент Жапаров кол койду.

 

– Көлдө Кыргыз-түркмөн соода-экономикалык өкмөт аралык комиссиянын 6-жыйыны болуп өттү.

– «Манас» улуттук театрынын жаңы директору болуп 24-июлда Нурбек Талантбеков дайындалды, мурдагы директор Азиз Биймырза уулу кызматтан 15-июлда кеткен.

– Бишкек мэриясынын чечими менен «Ак-кула» ипподрому америкалык ROX Group жана Гибралтарда катталган TNG Global Foundation деген эки ишканага сатылмай болду.

– Камчы Көлбаевдин энеси Мая Алиевага каршы кылмыш иши ачылып, сот башталды деп кабарланууда, ага 13 даана кыймылсыз мүлк катталган.

– 25-июлда Кыргызстанда гепатитке каршы «он күндүк» башталды, бул арада өлкөдө үгүт иштери жана вакцинация жүргүзүлөт.

– Мамлекеттик кызмат агенттигинин жетекчиси Кудайберген Базарбаевдин айтымында, акимдер менен шаар мэрлери психометр аркылуу текшерүүдөн өтүп жатат.

– Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев кармалып, кийин бошотулуп, анан кайра камалды. Жер тилкелерин мыйзамсыз саткан деп күнөөлөнүүдө.

346