7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун катышуусундагы “Мурас” футболдук турнири аяктады

2

Бишкек шаарында 13-14-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн “Мурас” футболдук турнири жыйынтыкталды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө “Мурас” футзал турнири Кыргызстандын коомдук турмушунда жакшы салтка айланганын белгиледи.

Ал 2021-жылы кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында биринчи турнир өткөнүн эске салды. Анда болгону 6 команда катышкан.

2022-жылы турнир расмий түрдө «Мурас» деген аталышка ээ болуп, ага 8 команда катышкан.
Кийинки жылдары командалардын саны 16га жетти.

Бул жылы да турнирге ар кайсы мамлекеттик мекемелерден келген 16 команда катышты.

Президент бул турнир да калк арасында сергек жашоо мүнөзүн жайылтууга, спортко болгон кызыгууну арттырууга, ошондой эле мамлекеттик мекемелер арасында өз ара түшүнүшүүнү жана биримдикти бекемдөөгө багытталганын баса белгиледи.

Ошентип, мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду «Аймактар» командасы ээлеп, 400 миң сом утуп алды. Мамлекет башчысы «Мурас» футболдук турниринде биринчи жолу жеңишке жеткен «Аймактар» командасын куттуктады.

Экинчи орунга «Президенттин командасы» чыгып, 300 миң сом алды.

200 миң сом байге алган “Ден соолук” командасы 3-орунду ээледи.

“Ыйман” командасы төртүнчү орунду алып, 100 миң сомдук сертификатка ээ болду.

Ошондой эле үч номинация боюнча турнирдин мыкты оюнчулары аныкталып, аларга 50 миң сомдук сертификаттар тапшырылды:

“Эң мыкты оюнчу” — Эрик Молдокулов (“Ыйман”).

“Эң мыкты чабуулчу” — Нурлан Турусбеков (“Ден соолук”).

“Эң мыкты дарбазачы” — Нурбек Алимов (“Аймактар”).

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарды алгандар кубокторго жана медалдарга ээ болушту. Сыйлык тапшыруу аяктагандан кийин эстеликке сүрөткө түшүү болду.

3