7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады

801

Президент Садыр Жапаровдун 24-26-декабрда Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле Россия тарап жыл сайын демилгелеп келген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.

Бейформал жолугушуунун алкагында Президент Садыр Жапаров жана КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери «Павловск» коругуна, «Царское Село» жана Петергофко экскурсия менен барып, бейформал сый тамакка катышты.

Иш сапарын аяктап, Мамлекет башчысы 27-декабрда эртең менен Бишкек шаарына кайтып келди.

802