7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке келди

606

Президент Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Бурса шаарында Осмон мамлекетинин негиздөөчүсү жана анын жакындары коюлган “Осман гази жана Орхан гази турбеси” мемориалына барды.

Андан соң делегация мүчөлөрү менен биргеликте Изник ​​шаарын алуу үчүн салгылашууда курман болгон кыргыз жоокерлердин элесине арналган “Кыргызлар турбеси” мемориалына барышты.

Ушул эле күнү Садыр Жапаров Изник ​​шаарында Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Андан соң Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган биргелешкен кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелеринин келечегин талкуулашты.

Иш сапарын аяктап, Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда, Бишкекке кайтып келди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

607