Садыр Жапаровдун тышкы Донорлор тууралуу пикирин АКШ бийлиги тастыктап жаткандай. Бул туурасында жактоочу Канат Хасанов билдирди.
“АКШ Мамлекеттик департаментинин тышкы каржылоону 90 күнгө токтотуусу тууралуу маалыматтын окуп, кызыктуу экен дедим. Алар башка өлкөлөргө жардам берүүнүн максатка ылайыктуулугун, даректүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн текшерүүнү көздөп жатышыптыр. Менин оюмча туура эле го, дайым эсеп-кысап, натыйжалуулугу жана максаты болушу керек да?
Айтарым жеке пикири бар жаран катары, Президент Садыр Жапаровдун Курултайда айткан сөздөрүн эске салгым келди. Ал жыйында бөлүнгөн каражаттарды көзөмөлдөө, алардын даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу керектигин белгилеген эле. Каражаттар буга чейин жана азыр да айрым грант алуучулар тарабынан максаттуу пайдаланылдыбы деген суроо жаралууда?
Эгер донорлор мунун баарын өздөрү көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүгү келбесе, анда мамлекеттин түзүмдөрү аркылуу көзөмөлгө алуу туура болотко дейм. АКШнын азыркы аракеттери Садыр Жапаров көтөрүп чыккан логиканы жана маселелерди тастыктап жаткандай. Мен алкап же жактап жаткан жерим жок, бирок бул үчүн мактоого татыктуу.
Ошондуктан айтарым, “Тышкы жардамдын аудитин жүргүзүү — бул азыркы учурдун талабы. Анткени ар бир жардам өзүнүн чыныгы максаттарына жана милдеттерине дал келиши керек!”,-деди Хасанов