7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн», Эржан Сулайман: Биз материалдык баалуулуктарды өйдө коюп алгандыктан коррупцияга да орун бар

223

2024-жылдын 19-январдан 25ине чейинки окуялар тууралуу укукчу Эржан Сулайман менен маек.

– Коррупциядан күнөөлөнүп, улам бир чоң ишкананын улам жаңы жетекчиси кармалып жатат. Бир чети бул – коррупция менен күрөш күчөп баратканын көрсөтөт, бирок бул каныбызга сиңип кеткен былык илдетти жоюу үчүн, агартуу иштерин күчөтүп, кийинки муундарды өстүрүүдө тарбияга өзгөчө маани берүү керек. Коррупция баарыбызга жат көрүнүш болуп калышы үчүн ар бир адамдын жан дүйнөсүн тазартуу керек, анткени акыркы жылдарда биз материалдык баалуулуктарды баарыдан өйдө коюп алдык. Чыныгы адам үчүн максат эмес, туура жол менен баратканы маанилүү болууга тийиш.

– Баардык мурдагы бийликтер коррупция же уюшкан кылмыштуулук менен күрөшөбүз деп жарыя кылып келген, бирок азыр биз билип атабыз – анчалык деле күрөш болбоптур жана аны азыркы күндө болуп жаткан күрөш көрсөтүп койду. Коом өзү дагы «Стокгольм синдромун» эстен чыгарбаш керек, анткени кээде кылмышкерлерге жан тарткан мисалдар болуп калып жатат. Бир тонна теориядан бир килограмм тажрыйба артык дегендей, канча сөз айтылса дагы, кылмыштуулук менен чыныгы күрөш алда канча артык.

– Дүйнөлүк банктын өкүлү Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктерине оң баа бериптир, ал өтө жакшы, жетишкендиктер баарыбызга көрүнүп турат, эми бийлик ошол экономикалык өсүүдөн тышкары адам укуктарынын сакталышына жана башка социалдык-маданий маселелерге көбүрөөк көңүл бурса. Кыргызстандын жарандык коому – бүткүл Борбор Азияда эң күчтүү, элибиздин ушул катмарынын ишенимине жетип, ошолордун оң баасына ээ болсо, Кыргызстан жетекчилигине ашыктык болбойт эле.

Жуманын негизги окуялары:

– Бүгүн, 25-январда, «Кыргызиндустрия» ишканасынын мурдагы президенти Жарасул Абдураимов жана анын вице-президенти УКМК тарабынан кармалганы белгилүү болду. Кечээ күнү Абдураимовдун ордуна Алманбек Исмаилов дайындалган.

– 20-январда Саламаттык сактоо министрлигинде атайын жыйын өткөрүлүп, доктурлар арасында коррупция күчөп баратканы айтылды. Бүгүн, 25-январда, Жаратылыш ресурстар министрлигинде да ушундай жыйын өттү жана 16-январда Камчыбек Ташиев билим берүү тармагынын кызматкерлери менен дагы ушундай эле жыйын өткөргөн.

– 21-январда президент – Дин боюнча жаңы мыйзамга кол койду жана даават боюнча маселе дагы эле талкууда экенин билдирди. Мыйзам Жогорку кеңеш тарабынан 26-декабрда кабыл алынган.

– Айыл чарба министрлиги 22-январда билдиргенге караганда, азыр өлкөдө 6 млн кой-эчки, 6 млн тоок, 1 млн 800 миң бодо мал, 540 миң жылкы жана 60 миң топоз бар экен.

– Оштун жаңы мэри болуп 23-январда Жеңишбек Токторбаев дайындалды, мурдагы мэр Бакытбек Жетигенов Ысык-Көл облусунун губернатору болуп Уланбек Далиевди алмаштырды.

– Былтыр апрелде Кыргызстанда тыюу салынган ТикТок социалдык тармагынын ишине кайрадан уруксат берүү демилгеси менен 23-январда депутаттар Дастан Бекешов менен Марлен Маматалиевдер чыкты.

 

– Президент Садыр Жапаров 23-январда «Кабар» агенттигине интервью берип, Азиза Абдирасулованын өлкөдөн чыгып кетиши, Камчы Көлбаевдин өлтүрүлүшү, Алтайдагы Манжерок жана Франциядагы Куршевель лыжа базалары тууралуу айтып берди.

– Кытайдын Бажы кызматынын билдиргенине караганда, Кыргызстан менен Кытай ортосундагы соода жүгүртүү 2024-жылы 3 пайызга өсүп, $22,7 миллиардка жеткен.

– Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев – эгер ипотекага сатып алынган батирлердин ээлери толук баасын төлөй электе аларды башка бирөөгө ижарага берсе, батирлер мамлекетке кайтарылат деп билдирди.

– Президент Садыр Жапаров жаңы Эмгек кодексине кол койду, ага ылайык, эмгек келишимдерине электрондук түрдө кол койсо болот. Өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамды Жогорку кеңеш 18 декабрда алган.

– Бишкектеги цирктин директору болуп 23-октябрда дайындалган Асланайым Ашырова 23-январда кызматынан бошотулду. Маданият министрлигин айтымында, ага каршы цирк кызматкерлеринен арыздар түшкөн.

– Жогорку Кенештин депутаты Бакытбек Марипов 22-январда – Бишкектеги ыш менен тыгындарды азайтуу үчүн өлкө борборун Бишкектен башка жерге которуу керек.

 

– Каракол шаарында 23-январда 192 жергиликтүү мугалимге Кыргызстанда өндүрүлгөн ноутбуктар тапшырылды. Үстүбүздөгү жылдын ичинде Раззаков атындагы техникалык университетте чогултулган ушундай эле ноутбуктар башка мугалимдерге дагы берилет.

– Бишкекке келген Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча регионалдык директору Татьяна Проскурякова 21-январда Кыргызстандагы экономикалык реформалар жана жетишкендиктерди мактады.

– Кечээ күнү президент Жапаров – Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаевага сөгүш жарыялады, азыркы учурда Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапары даярдалууда.

– 23-январда Жогорку Кеңеш – ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды зордуктагандарды өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу тууралуу мыйзам кабыл алды.

– 20-январда Бишкекте Баш прокуратуранын өзүнчө Укук академиясынын салтанаттуу ачылышы болду, анда 2 факультет бар.

– Чүй проспекти менен Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Кыргызтелекомдун» имараты жакын арада сатылаары кабарланды.

224