7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады

185

Президент Садыр Жапаровдун 8-9-ноябрда Өзбекстан Республикасына болгон иш сапары аяктады. Садыр Жапаров Ташкент шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өлкөлөрдүн лидерлери кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, атап айтканда, достук мамилелерин, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Иш сапардын экинчи күнүндө Мамлекет башчысы Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө экономикалык кызыкчылыктардын жалпылыгына негизделген аймактык жана региондор аралык интеграция келечекти көрө билүүнүн негизги элементи болуп саналарын белгиледи. ЭКУ заманбап шарттарда интеграциянын эффективдүү куралы болуу үчүн эбегейсиз потенциалга ээ.

Президент ошондой эле ЭКУ алкагында кызматташууну өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча көз карашын белгиледи.

 

186