Сурамжылоону Бишкек гуманитардык университети жүргүзгөн. Анда сурамжылоого алынгандардын 86,7% Жапаровдун саясатын колдой турганын билдирген. Мындай сурамжылоо ушул жылдын жаз айында да болуп, анда бул көрсөткүч 82,6% барабар болчу.
Окуу жай Кыргызстандан боюнча 1000 адамдын ой-пикирин (телефон аркылуу, онлайн) билген. Сурамжылоо 24-28-августта жүргүзүлгөн.
Ага катышкандардын 87,5% жакынкы 5-10 жылда Кыргызстан экономикалык жактан өнүккөн мамлекет болот деген ишенимин билдирген.