Бишкекте визасынын мөөнөтү өтүп кеткен 42 чет өлкөлүк жаран аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Бангладештен – 35 жана Пакистандан 7 жаран.
Тартип бузгандар Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу жана кийин КР чегинен тышкары депортациялоо үчүн өткөрүлүп берилди.