7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Сагын менен Лазаттын сүйүүсү». Сагын Эргешов президенттин күйө баласыбы?

21852

Теле алып баруучу, эстрада ырчысы Сагын Эргешов «Мисс-Кыргызстан  2020» сынагынын жеңүүчүсү Лазат Нуркожоева менен болгон сүйүү мамилесин ачыктады. Бул тууралуу ал Лазат экөөнүн «Канат Шоумен»  YouTube каналына берген интервьюсунда ачыктады.

Сагын Эргешов мындан 3 ай мурун Россияга жеке ишкерлик боюнча кеткен. Ал эми ал жактан «Сени сүйөм» аттуу ырына клип тартып, ага баш каарман катары кесиптеши Айдана Жаныбекованы Кыргызстандан атайын чакыртып, тарткан. Ал арада Айдана менен Сагын Эргешовдун чогуу түшкөн сүрөттөрү, видеолору көпчүлүктү кызыктырып, экөөнүн ортосунда сүйүү бар деп божомолдогондор да жок эмес. Бирок, ырчы мындан 3 күн мурун Кыргызстанга кайтып келди.

Анын айтымында, анын келүүсүнө Лазат Нуркожоева түрткү болгон.

«Кечээ Лазат мени Instagram баракчасынан блоктоп койду, анан мен бүгүн дароо Кыргызстанга келдим. Мына эми чыгарды. Кайра эле Москвага кетебиз, атайын Лазатты алып кетүүгө келдим. Ата-энеси мени жакшы тааныйт», — дейт ал.

Ал эми Лазат Нуркожоева анын жогорудагы ойлорун четке какпай, жигитинин камкор экендигин баса белгиледи.

«Сагын камкор экен, анан да эмне жагат, эмне жакпайт баарын байкап турат. Мен кызганбайм, мунун жумушу экенин түшүнөм», — деп оюн толуктады.

Ак сүйүүлөрүн ачыктаган эки жаш бирге иш алып барууга далалаттанышууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Лазат Нуркожоева Сагын Эргешовдун «Ананайын айдайым» аттуу ырынын клибине тартылган. Эки жаш дал ошол клиптен таанышып калышкан. Бирок, Эргешовдун буга чейин эле сезими болгонун жашырбайт. Ал тургай Лазаттын жакшы кыз экенин айтып, президент Садыр Нуркожоевичтин күйө баласы болууга даяр экенин айткан болчу.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

21853