7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстан Афганстандан качкан памирлик кыргыздарды артка кайтарды

1369

Афганстандан качып чыгып, Тажикстандын аймагында кармалып турган памирлик кыргыздар кайра Афганстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Тажикстандын  УКМКсына таянып, тажик басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Кичи Памирден мал кели менен качып чыккан 345 жаран 17-18- июль күндөрү артка кайтарылган.

«БУУнун «Качкындардын статусу жөнүндө» конвенциясына ылайык, Мургаб районунун Чоштепп жана Дуйтук участогуна келген ооган качкындары Тажикстандын тиешелүү органдары тарабынан убактылуу жашай турган жер, тамак-аш, кийим-кече жана медициналык кызмат менен камсыз болушкан», — деп билдирген коңшу өллкөнүн УКМКсы.

Эске салсак, бул аралыкта Кыргыз бийлиги Памирлик боордошторду өлкөгө кабыл алууга даяр экендигин жар салган болчу. Министрлер кабинети тарабынан Тышкы иштер министрлигине боордошторду алып келүү маселесин Тажикстан менен сүйлөшүү тапшырмасы берилген.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1370